mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти эл аралык ташууларга уруксат кагаздарды алууга арыздарды электрондук форматта өтүнмөлөрдү кабыл алууну баштаганын маалымдайт

2023-жылдын 8-декабрында уруксат берүүчү документтерди алуу үчүн жаңы киргизилген функциялар боюнча Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин адистерине жана ата мекендик жүк ташуучуларга окутуу өткөрүлдү.

Ушундай эле окутуу 2023-жылдын 28-ноябрында өтүп, анда жаңы функциялар иштеп чыгуучулар тарабынан маалыматтык системанын өзгөчөлүктөрү тууралуу түшүндүрмөлөр берилген.

Белгилүү болгондой, КРдин Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-январындагы №2 тескемеси менен бекитилген 2022-2023-жылдарга Кыргыз Республикасында башкарууну санариптештирүү жана санариптик инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча иш-чаралар планынын,  КРдин Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-декабрындагы №699 тескемеси менен бекитилген 2023-жылга Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
иш-аракеттер планын ишке ашуруунун алкагында, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан «Электрондук транспорттук көзөмөл» автоматташтырылган маалыматтык системасын аягына чыгаруу боюнча иштер жүргүзүлгөн.

Жаңы киргизилген функциялар боюнча жеке жана юридикалык жактардын өтүнмөлөрү КРдин Экономика жана коммерция министрлигинин сайтынан «elicense.gov.kg», Мамлекеттик “Түндүк” платформасы аркылуу  Транспорт министрлигинин «Электрондук транспорттук контролдоо» сайттарына келип түшөт.

Ошондой эле жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти 15-декабрдан  2023–жылдын 29-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын Экономика жана Коммерция министрлигинин «elicense.gov.kg» сайты аркылуу  эл аралык ташууларга уруксат кагаздарды алууга арыздарды электрондук форматта өтүнмөлөрдү кабыл алууну баштаганын маалымдайт.