mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти 2023-жылдын 12 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан лицензия жана уруксат кагаздарынан, салмак өлчөмдөрүн таразалоодон, бөлүнгүс ири көлөмдөгү жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат кагаздарын берүүдөн жана келтирилген зыяндын ордун толтуруудан, административдик айыптардын салынышынан 2023-жылдын 12 айында жалпысынан 99200,4 миң сом мамлекеттин эсебине түшкөн. Белгилей кетсек, 2022-жылдын 12 айында бул көрсөткүч 48144,6 миң сомду түзгөн, салыштырмалуу 51055,8 сомго көп.

Лицензияларды берүүдөн

2023-жылдын 12 айында Транспорт департаментинин транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана жөнгө салуу бөлүмү тарабынан 16857 бирдик лицензия берилген, лицензиялык төлөмдөрдүн суммасы 12971500 сомду түздү (2022-жылдын 12 айында 17104 бирдик 11341000 сом суммасында берилген), алардын ичинен:

— жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча 2176 даана;

— эл аралык жүк ташуу үчүн 14473 даана;

— юридикалык жактардын иши боюнча 208 бирдик.

Уруксат кагаздарын берүү

2023-жылдын 12 айында 20404738 сомго эл аралык автомобиль ташууларына 96129 уруксат кагаздары берилип, алар толугу менен республикалык бюджетке чегерилген. Былтыркы жылдын ушул мезгилине көз чаптырсак, 7716800 сомго 27680 уруксат кагаздары берилген.

​2023-жылдын 12 айында Кыргызстандын автотранспортчулары тарабынан 230795 каттам ишке ашып, 3831599 тонна жүк ташылган.

​Кыргызстандын автотранспортчуларынын кызыкчылыктарын коргоо жана эл аралык автотранспорттук кызмат көрсөтүү рыногунда жагымдуу шарттарды түзүү, 2023-жылга карата чет мамлекеттер менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында 41 мамлекеттен 100684 даана уруксат кагаздары алынды.

Бөлүнгүс ири көлөмдөгү жүктөрдү ташуу үчүн атайын уруксат жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу ишмердүүлүгү

2023-жылдын 12 айында атайын жана бөлүнгүс ири көлөмдөгү жүктөрдү ташууга атайын уруксат жана жолдорго келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 33525170 сом каражат чогултулуп, (2022-ж. -15922604 сом) ал толугу менен республикалык бюджетке чегерилген.

Салмак өлчөмдөрүн таразалоо

2023-жылдын 12 айында транспорт каражаттарын таразага тартуу, өлчөөдөн чогулган каражаттар жалпысынан 1066980 сомду (2022-ж. -911390 сом) түздү.

Административдик айыптар

​Транспорттук көзөмөл башкармалыгы тарабынан 2023-жылдын 12 айында посттордо жана аймактык башкармалыктарда төмөндөгүдөй иш-чаралар аткарылган. Негизинен стационардык пост-автостанцияларда жана автобекеттерде 661409 унаа текшерилген. Анда, 8422 айдоочуга административдик укук бузуулар боюнча айыптар салынган. Ал эми 8268 айдоочуга административдик протоколдор түзүлгөн.

Салынган айып пулдардын жалпы суммасы 50616500 сомду түзгөн.

1198 айдоочуга көрсөтмөлөр берилип, 1 лицензия кайтарылып, бул багытта

жалпысынан 31232000 сом өндүрүлгөн (2022-ж. -12252846 сом).