mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жер титирөөдөн улам жолго кулаган таштар тазаланды

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 410-чакырым аралыгында жер титирөөдөн улам тоо боорунан кулаган топурак, таштар тазаланды. №957 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери унаа кыймылына тоскоолдук жараткан таштарды колдун күчү жана атайын техниканын жардамы менен алып, жумуштар түнкү саат 2:20да жыйынтыкталды.

Өлкөнүн башка унаа жолдорунда мындай көрүнүштөр катталган жок.

Белгилей кетсек, Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн түнкү саат 00:09да Кытай Эл Республикасынын аймагында  күчү 8 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жердин силкинүүсү Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын аймагында 6 балл,  Каракол шаарында жана Тоң районунун Каджы-Сай айылында 4,5 балл, Нарын облусунун Нарын шаарында 4 балл, Бишкек шаарында 3 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы