mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жарым жылда 96 чакырым жолго асфальт төшөлдү

Жол тармагы боюнча иштер 1 млрд 651 млн сомго аткарылып, 96 чакырым жолго асфальтбетон төшөлдү. Бул былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 38 кмге көп, же болбосо иштин көлөмү 67 %га өстү.

2023-жылдын 6 айында жол тармагы боюнча жалпы каржылоо 3 млрд 289 млн 800 миң сом же 2023-жылга каралган каражаттардын 52% түзөт. Былтыркы жылдын 6 айында каржылоо 4 млрд 183 млн 475 миң сомду түзгөн же 893 млн 675 миң сомго көптүк кылган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы