mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы №12- Жол тейлɵɵ мекемеси асфальт тѳшѳѳ иштери жүрүп жатат

«Жалал-Абад-Балыкчы» автомобиль жолдор башкамалыгына караштуу Аксы районундагы № 12-жол тейлɵɵ мекесинин карамагындагы                жергиликтүү маанидеги Кара-Суу-Топ-Жангак унаа жолунун «Капиталдык салымдар» беренеси боюнча каралган 9млн.сомго 1-кмден  5-км-не чейинки аралыктарына (2,5км-3,3км-800метрине, 3,8км-5км-1,2метрине) жалпы узундугу 2км жолго асфальттоо жумуштары мекеменин ɵз күчү менен жүргүзүлүп, толугу менен бүткɵрүлдү.

Ошондой эле мамлекеттик маанидеги Ала-Бука-Кербен-Ташкɵмүр автожолунда жолдун чуңкурларын ондоп-түзɵɵ жумуштары жүрүп жатат.

2018-жылга карата туризм  багытындагы мамлекеттик маанидеги Кара-Жыгач-Сары-Челек унаа жолунда «Капиталдык салымдар» беренесинен 5км жолго акча каражаты каралып, мекеме тарабынан 1км жолго асфальт тɵшɵлдү,  жолдогу бардык жол белгилери, парапеттери акталып-сырдалган. Жолду  толугу менен асфальттап бүткɵрүү  ушул  жылдын  июль айына   пландаштырылган.

«Падыша-Ата» коругу жайгашкан  мамлекеттик маанидеги Кербен-Кашка-Суу унаа жолунда подрядтык ыкма менен «Жалал-Абад АБЗ» ачык акционердик коому жолду асфальттоо иштерин жүргүзүүдɵ. Бүгүнкү күндɵ жолдун 1км аралыгы бүткɵрүлүп, жумуштар уланууда.

Пресс-кызмат

e7d9f6d4-54cd-4c34-ad7e-d920e175d7b8 img-20180625-wa0020 img-20180625-wa0021 img-20180625-wa0022 img-20180625-wa0023 img-20180625-wa0024