mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жалал-Абад облусундагы Кашка-Терек-Катраңкы унаа жолунун 17+500-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды

Сузак районундагы Кашка-Терек-Катраңкы унаа жолунун 17+500-чакырымында жер көчкү жүрүп, жол убактылуу жабылды. Көчкү бүгүн, 27-сентябрь күнү таңкы саат 5-6лар чамасында жүргөн. Көлөмү болжол менен 150 000 м3 деп айтылууда. Учурда ӨКМ кызматкерлери аталган тилкеде мониторинг жүргүзүп жатышат. Уруксат берилери менен № 52 Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери башталат. Топтолгон унаалар жок.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы