mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жалал-Абад облусунда Барпы-Ийри-Суу-Чаңгет-Сай унаа жолун асфальттоо иштери жүрүп жатат.

Жолдун асфальтталуучу бөлүгүнүн узундугу 17 чакырымды түзөт. Анын 2 чакырымына былтыр асфальттоо иштери жүргүзүлгөн.
Быйыл 10 чакырым тилкеге асфальт төшөө үчүн каражат бөлүнгөн. Учурда шагыл төшөө иштери жүргүзүлүп, асфальттоо иштери башталды.
17 жумушчу жана 10 атайын техника тартылган.
Барпы-Ийри-Суу-Чаңгет-Сай унаа жолу көп жылдар бою оңдоп-түзөөгө муктаж болуп келген, анткени 10 миңге жакын конуш тургундары облус борборуна барганда ыңгайсыздыкка кабылышкан.
Күзгө чейин жол тилкесинде асфальттоо иштери бүтөөрү күтүлүүдө.
Жалал-Абад облусунда быйыл 41 чакырымга асфальт төшөлөт. Бул үчүн 734 миллион сом бөлүнгөн.
Үстүбүздөгү жылы Базар-Коргон районунун Бешик-Жон айылындагы 1 чакырым жолго асфальт төшөлүп, Сузак районунун Таш-Булак айылындагы жолдун тилкеси даярдоо жумуштары аткарылып жатат. Кашка-Терек-Катыраңкы унаа жолунун 33-чакырымында, Барпы-Ийри-Суу унаа жолунун 10-чакырымына асфальт төшөлөт.
Быйыл асфальттоо пландалган 42 чакырымдын 13 чакырымында асфальттоо иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, капиталдык салымдардын алкагында 50 чакырым жолго иштер жүргүзүлөт.
Бүгүнкү күндө Жалал-Абад облусунун 22 калктуу конушунда асфальттоо иштери жүрүп жатат.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы