mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жалал-Абад облусунун жолдоруна асфальт төшөө иштери кызуу жүрүүдө

Сузак районунун Бек-Абад-Жийде-Муңдуз унаа жолуна (5 чакырым) асфальт төшөлүп, иштер аяктады.

Сузак районунун Сузак-Арал-Жийде унаа жолунун 1 чакырымына асфальт жаткырылды.

Сузак районунун Сузак-Каду унаа жолунун 1,4 чакырымына асфальт төшөлдү, жалпы 5 чакырым жол оңдолмокчу.

Ноокен районунун Нефтепром-Үч-Мазар-Дош унаа жолунда асфальт төшөө иштери жүрүүдө. План боюнча 4 чакырым жолго асфальт жаткырылат. Бүгүнкү күндө 1,6 чакырым жерде иштер аяктады.

Ноокен районунун Ленин-Жол-Казар-Мазар-Сере унаа жолуна (0,5 чакырым) асфальт төшөлүүдө. План боюнча 4 чакырым жол оңдолот.

Аксы районунун Кербен-Үч-Коргон-ГЭС унаа жолуна асфальт төшөлүп жатат. Азыркы тапта 1,4 чакырым аралыгында жумуштар аяктады. Жалпы 7 чакырым жол асфальтталат.

 

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы