mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жай мезгилинде Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору менен жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөө киргизилди

Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автоунаа жолдорунун сакталышын камсыз кылуу, ошондой эле аларды пайдалануу мөөнөттөрүн узартуу максатында, Кыргыз Республикасынын «Автомобиль жолдору жөнүндө» Мыйзамынын 22-беренесинин 3-бөлүгүн, Кыргыз Республикасынын «Жол кыймылы жөнүндө» Мыйзамынын 13, 20, 21-беренелерин жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 1-июлундагы № 55 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, 2023-жылдын 29-майындагы №167 буйрукка ылайык,  2023-жылдын 1-июнунан 1-сентябрына чейин, саат 10:00дөн саат 20:00гө чейин, абанын күндүзгү температурасы 28 С жана андан жогору болгондо максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан жүк ташуучу автотранспорт каражаттарынын кыймылына тыюу салынат.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти (мындан ары – Транспорт департаменти), ушул буйруктун 1 жана 2-пункттарында көрсөтүлгөн чектөөлөр мезгилинде транспорт каражаттарын транспорттук көзөмөлдөө пункттары аркылуу өткөрүүдө Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарын жетекчиликке алышсын.

Ошондой эле, Транспорт департаменти тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу жүк ташуу менен алектенген жеке жана юридикалык жактарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана айдоочулардын Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда транспорт каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөрдү сактоосун көзөмөлдөө зарыл.

Буйрукка ылайык, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол чарба департаментине жана “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасына жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежелерине ылайык жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө тыюу салуучу  (3.4-пункт),  жүк огун чектөөчү тийиштүү жол белгилерин (3.12-пункт) жана чектөөнүн мөөнөтүн (8.5.4-8.5.7-пункттары) орнотуу тапшырылды.

Бул буйрук төмөнкү унааларга жайылтылбайт:

— жүргүнчүлөрдү ташуу;

— гуманитардык жардамды жеткирүү үчүн ташууларды жүргүзүү;

-тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана коркунучтуу жүктөрдү ташуу;

— атайын берилген уруксаттын негизинде көлөмдүү жана оор жүктөрдү ташуу;

— Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тарабынан Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууга, реконструкциялоого, реабилитациялоого жана кармоого тартылган жол башкаруучулар жана подряддык уюмдар, аларга бекитилип берилген аймактарда жол иштерин жана өтүүчү жолдорду курууну жүргүзүшөт.

Бул буйруктун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгына билдирүү үчүн жана өз компетенциясынын чегинде Транспорт департаментине ар тараптуу жардам көрсөтүү үчүн жөнөтүлдү.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы