mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Жаңы келген техникалар Ноокаттын жолун салууга жеткирилип, курулуш иштери күчөтүлдү

Жолдорду куруу, оңдоо жана тазалоо үчүн сатып алынган атайын техникалардын бир бөлүгү Ноокаттын жолун салууга жеткирилди. Учурда жеринде иш кызуу жүрүп жатат. Аткарылып жаткан ар бир жумуш Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин жеке көзөмөлүндө турат.

Узап кеткен апта аягында да ведомство жетекчиси Ош-Баткен — Раззаков унаа жолуна барып, курулушун иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышкан. Жумушчулар, техникалар өз ордунда иш алып барып жатканына күбө болгон министр жол тейлөө мекемелеринин жетекчилери менен сүйлөшүп, тиешелүү тапшырмаларды берген.

Белгилей кетсек, Президент Садыр Жапаров Ош – Баткен – Раззаков унааа жолунун кооптуу тилкелеринде оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү тапшырган.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы