mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык-Көлдө жай мезгилинде 100дөн ашык суу транспорттору катталып, 100 суу кемеси техникалык кароодон өткөрүлдү

Ысык-Көлдө жай мезгилинде 29 кайык, 23 моторлуу кайык, 26 катер, 18 даана сейилдөөчү катамаран, 4 яхта, 4 гидроцикл катталып (регистрация), 100 суу кемеси техникалык кароодон өткөрүлдү. Иштер Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан аткарылды.

Белгилей кетсек, инспекторлор жыл сайын текшерүү мөөнөтү келип калган транспортторду техникалык кароодон өткөрүп, атайын акт түзүп беришет. Үч жылда бир жолу чоң кеме ээлери транспортун жээкке көтөрүп, текшерүүдөн өткөрүшөт. Анын жыйынтыгы менен “сууда сүзүүгө жарамдуу” деген күбөлүк берилет.

Ал эми кичи кемелер мамлекеттик каттоодон өтпөгөнү аныкталса, ээсине мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, каттоодон өткөрүлөт.

Министрликтин алдындагы Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо жана көзөмөлдөө башкармалыгы менен Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментине жайкы туристтик сезон жыйынтыкталганча суу транспортторун көзөмөлдөө, берилген лицензиялардын талаптарын бузууларды четтетүү, текшерүү иштерин жүргүзүү милдети жүктөлгөн. Анын алкагында мыйзам талаптарын сактабагандарга бүгүнкү күнгө чейин жалпы 28 протокол түзүлүп, 92 миң сом айып пул салынды. Иштер дагы үзгүлтүксүз уланууда.

Мындан тышкары, суу транспорттору токтогон жайларда сыркынды сууларды төгүүнү көзөмөлгө алуу максатында видеокамералар орнотулду.

 

 

 

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы