mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык-Көл району: Сел каптаган жолдор тазаланды

20-сентябрда нөшөрлөп жааган жаандан улам Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 109-чакырымын сел каптаган.

Шаркырап агып, жолго кум-шагыл аралашмасын алып келген селдин кесепеттерин жоюу үчүн №7 Жол тейлөө ишканасынан автогрейдер жана Темир айыл өкмөтүнөн погрузчик техникалары тартылып, суунун агымы бурулуп, тазалоо иштери жүргүзүлдү.

Мындан тышкары, жогоруда аталган жолдун 104,5-чакырымын каптаган сел сууларын тазалоого автогрейдер жана Кум-Бел айыл өкмөтүнөн экскаватор техникалары тартылып, тазалоо иштери аткарылды.

Ошондой эле, нөшөрлөп жааган жаандан улам Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 80,4-чакырымын (Чолпон-Ата шаары) каптаган сел сууларын тазалоого Бостери айыл өкмөтүнөн автогрейдер жана Чолпон-Ата шаардык мэриясы тарабынан экскаватор, кран жана башка техникалар тартылды. Мындан тышкары, мекеме-ишканалардын кызматкерлери келип колдоо ирээтинде унаа жолдун эки четин тазалоого жардам көрсөтүштү.

Учурда жолдор таза, унаа кыймылына чектөөлөр жок.

Ал эми тиешелүү мекемелер тарабынан турак үйлөргө, короолорго кирген селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы