mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу-Пристань унаа жолунда суу өткөрүүчү эски түтүктөрдү жаңыларына алмаштыруу жана асфальт-бетон орнотуу иштери улантылууда

Ысык-Көл облусунун Кызыл-Суу-Пристань автожолунда эски суу өткөрүүчү түтүктөрдү жаңыларына алмаштыруу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле бул жолдун 500 метрине асфальтбетон төшөө улантылууда жана жалпысынан 6 км 600 метр жерге асфальтбетон төшөлмөкчү.   Бул жерге КР ТжКга караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынан 25 жумушчу, 17 атайын техника, атап айтканда Хово самосвалдары, каткалар, экскаватор жана бульдозер тартылды. Бул объекттин курулушуна каражат үстүбүздөгү жылдын пландык иштерине ылайык республикалык бюджеттен бөлүнгөн.