mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык-Көл облусунун калкына «Борбор Азиядагы аймактык байланышты өркүндөтүү Программасынын үчүнчү фазасы» долбоору жөнүндө маалымат берилди

2021-жылдын 26-27-апрелинде Ысык-Көл облусунун жашоочулары менен жолугушуулар болуп, «Борбор Азиядагы региондук байланышты өркүндөтүү программасынын үчүнчү фазасы» долбоорунун жүрүшү жөнүндө маалымат берилди. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн, Балыкчы шаарынын мэриясынын, Ак-Суу районунун, Түп районунун, Жети-Өгүз районунун, Тоң районунун акимчиликтери, жергиликтүү тургундар жана ишкерлер менен жолугушуулар болуп өттү. Жолугушуулардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун жашоочуларына Эл аралык Өнүктүрүү Ассоциациясы тарабынан 55,0 млн АКШ доллары суммасында каржыланган «Борбордук Азиядагы региондук байланышты өркүндөтүү программасынын үчүнчү фазасы» долбоору тааныштырылды. Долбоор аймактык транспорттук байланыштарды өркүндөтүүгө жана Ысык-Көл облусунда туруктуу туризмди өнүктүрүүнү колдоого багытталган. Долбоордун алкагында үч багытта иш-чаралар жүргүзүлөт:

  • Түп-Кеген жолун реабилитациялоо;

52 км жолду калыбына келтирүү, жолдорду тейлөө үчүн шаймандарды сатып алуу.

  • Авиациялык коопсуздук;

Авиация жаатындагы ченемдик укуктук актыларды өркүндөтүүгө, авиация тармагын жабдуу жана персоналын даярдоого көмөктөшүү (Жарандык авиация агенттиги, Кыргыз авиация институту), авиация жаатындагы билим берүү программаларын өркүндөтүү.

  • Туруктуу туризмди өнүктүрүү.

Туризмди туруктуу өнүктүрүүнүн Стратегиясын иштеп чыгуу, Ысык-Көл облусунун Түп жана Ак-Суу райондорунун башкы планын түзүү, туризм спутниктик эсептерин колдонуу, 5 туристтерди тейлөө борборун (ТТБ) куруу.

Долбоор 2020 жылы ишке ашыруусун баштап, 2024 жылы аяктайт.

Ысык-Көл облусунун жашоочулары долбоордун алкагында пландаштырылган иш-чараларга ынтызар болуп, долбоорду эрте жана өз убагында ишке ашырууга көмөктөшүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

 Маалымат түрүндө:

Долбоорго Эл аралык өнүгүү ассоциация тарабынан бөлүнгөн 55,0 миллион АКШ доллар каражаттарынын 27,5 миллион АКШ доллары насыя түрүндө жана 27,5 миллион АКШ доллар грант түрүндө берилген. Долбоорду аткаруучу агенттик Кыргыз Республикасынын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги, туризм компоненти боюнча — Кыргыз Республикасынын Экономика жана Финансы министрлигинин алдындагы Туризм департаменти болот.

КР ТАККМнин Басма соз кызматы