Ысык -Көл облусунда Балыкчы — Барскоон унаа жолун реконструкциялоо башталды. Биринчи жолу башкы подрядчынын милдетин ата-мекендик компания аткарды
- 526 просм.
Ысык-Көл облусунда Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолундагы Балыкчы-Барскоон тилкесин реконструкциялоо боюнча долбоор башталды.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун демилгеси жана буйругунун негизинде «Кыргызалтын» ААКнун каржылоосу менен ишке ашууда. Баштапкы этапта жолдун 25 чакырымын реконструкциялоо пландалууда, ал эми маршруттун жалпы узундугу 141,6 чакырымды түзөт. Алдыда бөлүүчү тосмо менен 4 тилкелүү жол пландалууда. Асфальттын үстүңкү катмарын куруу үчүн SCHMA (майдаланган таш-мастикалык асфальт-бетон) колдонулат. Белгилей кетсек, Балыкчы-Барскоон унаа жолунда 50 жылдан ашык убакыттан бери капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлбөй келген.
Кыргызстандын эгемендүүлүк тарыхында биринчи жолу долбоордун башкы подрядчысы ата мекендик компания — Кыргызстандын жол курулуш компанияларынын ассоциациясы болуп саналат. Жол тармагында 30 жылдын ичинде жергиликтүү компанияларга ири долбоорлорго катышууга мүмкүнчүлүк берилген бир дагы учур болгон эмес.
Башкысы Балыкчы-Барскон долбоору Кыргызстандын жол тармагын өнүктүрүүнүн баштапкы чекити болуп калат.
КР ТжКМнин басма сөз кызматы