mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын борбордук көчөлөрүнө рейд жүргүзүлдү

          КРнын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгын аткаруу максатында жана айылдык кенештин депутаты Л. Шадринанын кайрылуусунун негизинде, КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жол-транспорт коопсуздугу чөйрөсүндө контролдоо   жана көзөмөлдөө башкармалыгы тарабынан Ысык-Ата районунун Ивановка айылынын борбордук көчөлөрүнө рейд жүргүзүлдү.

Анда, Ивановка айылында жайгашкан кичи базардын алдындагы  соода катарлары Кыргыз Республиксынын «Автомобиль  жолдору» мыйзамынын талаптарын бузуу менен жол тилкесинде  жайгаштырылып, авариялык кырдаал түзүп жаткандыгы аныкталган.

Рейддин жүрүшүндө  кичи базардын ээси  С.  Ибраимовага түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүктөн жол тилкесин бошотуп берүү боюнча убадасын берди.

С. Ибраимова мыйзам талаптарын аткарбаган учурда Кыргыз Республикасынын бузуулар Кодесинин негизинде чара көрүлөөрүн маалымдайбыз.