mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

КР КРТжКМДде 2021-жылдын 10-мартындагы № 55 буйругун негизинде тармактык ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча жыйын болуп өттү

 

2021-жылдын 2-июлунда КРӨ КРТжКМДде тармактык ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоо боюнча кичи топтун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул семинарга Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүгүү министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик архитектурасы, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин өкүлдөрү жана башка көз карандысыз эксперттер катышты.

Жолугушуунун күн тартибине ылайык, инвентаризацияга тиешелүү мыйзамдарды баалоо талкууланды. Кантсе да түзүлгөн чакан топтун милдети — Ведомстволор аралык эксперттик топ тарабынан бекитилген мыйзамдардын сапат жана натыйжалуулугунун критерийлерине шайкештигин талдоо болду.

КРТжКМ басма сөз катчылыгы