mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

«Улут Софт» компаниясынын адистери elicense.gov.kg порталы аркылуу чет өлкөлүк уруксат кагаздарын алууга арыздарды электрондук түрдө берүүнүн ачык мисалдарын көрсөтүштү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин кызматкерлери Кыргызстандын Эл аралык жүк ташуучулар ассоциациясынын өкүлдөрү менен биргеликте «Улут Софт» компаниясынын адистери менен жолугушту.

Аталган компания чет өлкөлүк уруксат кагаздарын, жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташууга лицензияларды, өлкө аймагы аркылуу чоң көлөмдүү жана оор салмактагы бөлүнгүс жүктөрдү ташууга атайын уруксат кагаздарын алууга арыздарды электрондук түрдө берүү боюнча программалык камсыздоо иштеп чыккан.

Жолугушууда «Улут Софт» компаниясынын адистери elicense.gov.kg порталы аркылуу чет өлкөлүк уруксат кагаздарын алууга арыздарды электрондук түрдө берүүнүн ачык мисалдарын көрсөтүп, катышуучулардын кызыктырган суроолоруна жооп беришти.

Жолугушууга 90 жүк ташуучу компаниянын өкүлдөрү катышты.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин мааалымат кызматы