mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Укук бузуулар жөнүндө Кодексине кирген өзгөртүүлөр боюнча инспекторлор билимдерин тереңдетишти

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча транспорттук контролдоо кызматы КРдин 2023-жылдын 13-декабрындагы Укук бузуулар жөнүндө Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому  боюнча окутууларды өткөрдү.

Ага жогоруда аталган кызматтын бардык инспекторлору катышып, мыйзамдагы өзгөрүүлөр боюнча билимдерин бекемдешти.  Тактап айтканда,  Ысык-Көл облусу боюнча транспорттук контролдоо кызматынын жетекчиси Азат Асыгалиев  Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 181-беренесине кирген өзгөртүүлөр боюнча кызматкерлерге айтып берди. Бул беренеге ылайык, айдоочулар тарабынан  мыйзам бузуулар катталып, айып пул салынгандан кийин ушул эле мыйзам бузуу бир жылдын ичинде кайталанса, алардын  айып пулу жогорулайт.

Алсак, ашыкча салмак үчүн жеке айдоочуга айып пул 17500 сом болсо, ал бир жылда кайра кайталанганы үчүн 20 миң сом айып төлөнөт. Ал эми юридикалык жак үчүн 55 миң сом болсо,  укук бузуу кайра кайталанса 65 миң сом айып пул салынат.

Бул окутуу инспекторлордун билимин бекемдөөгө жана өз ишин кынтыксыз аткарууга өбөлгө болду.