mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Учурда Түп районунун сел жүргөн айылдарында жаратылыш кырсыгынын кесепеттери жоюлуда

Үстүбүздөгү жылдын 4-августтунда каттуу жааган жамгырдан улам, Кең-Суу, Күрмөнтү, Балбай айылдарында сел жүрүп, анын кесепетин жоюу иштерине КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл филиалынын жолчулары жана техникалары тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары, түндө 7-августта болуп өткөн ушундай эле жаратылыш кырсыгы, Түп районунун Көөчү Корумду айылдарында да болуп, жеринде №4 ЖТИнин оор техникалары жана жолчулары айыл ичиндеги суу алып кеткен жолдорду жана трубаларды калыбына келтирип жатышат.
Учурда суу тосуучу дамба Балбай менен Күрмөнтү айылынын ортосунда курулуп, жолчулар тарабынан айыл жашоочуларынын коопсуздугун камсыздоо иштери жүрүүдө.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.