mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорттук көзөмөлдүн натыйжасында укук бузгандар аныкталды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан 2023-жылдын 12-13-сентябрь күндөрү 109 унаа текшерилип (анын ичинде 26 жүргүнчү ташыган, 83 оор жүк ташыган унаа), мыйзамды бузган айдоочуларга айып пулдар салынды.

Текшерүүгө алынган унаалардын арасынан  10 транспорттун ээсине айып пул салынды.  Анын ичинен  5 айдоочуга Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181 беренесинин негизинде, ал эми 5 айдоочуга 440 беренесинин негизинде  айып пулдар салынды.  Бул айып пулдардын  жалпы суммасы 102500сомду түздү.

Ошондой эле жалпы пайдалануудагы унаа жолдорго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 5 айдоочудан  83740 сом айып пул төлөндү.