mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү: Былтыркыга салыштырмалуу иш ыргагы ыкчамдап, көрсөткүч 4 эсеге жакшырды

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү жакшы жыйынтыктарды берүүдө.
Атап айтканда, министрликтин алдындагы Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан жүргүнчү жана жүк ташуучу унааларга карата жүргүзүлгөн текшерүүнүн натыйжасында 2023-жылдын 7 айынын ичинде 4291 КРдин транспорттук жана лицензиялоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары аныкталып (2022-жылдын 7 айында — 1211), жеринен 4194 протокол түзүлгөн жана 28 154 500 сом айып пул салынган (2022-жылдын 7 айында – 6 915 500 сом).
Анын ичинен салынган жолдордун талкаланышына жол бербөө максатында тартип бузган оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына 936 протокол түзүлүп, 16 380 000 сом айып пул салынган.
Ал эми жүргүнчү ташууда тиешелүү талаптарды аткарбагандыгы үчүн айдоочуларга 2 382 протокол түзүлүп, 4 502 000 сом айып пул салынган.
Мындан тышкары, жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу жыйымдарынын бардыгы 16 395 583 млн.сомду түзгөн.
Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлдү.
Таразалардын негизги функциясы — бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейбиз.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы