mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү: Баткенде 2 күндүн ичинде 79 унаа текшерилди. Салынган айып пулдардын суммасы

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин Баткен аймактык башкармалыгынын инспекторлору тарабынан узап кеткен дем алыш күндөрү 79 унаа текшерилип (анын ичинде 11 жүргүнчү ташыган, 68 оор жүк ташыган унаа), мыйзамды бузган айдоочуларга айып пулдар салынды.

Текшерүүгө алынган унаалардын арасынан 7 транспорттун ээсине Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 181, 440 жана 393-беренелери боюнча айып пулдар салынып, жалпы каражаттын суммасы 46 000 сомду түздү.

Ошондой эле жалпы пайдалануудагы унаа жолдорго келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча 2 айдоочудан 8700 сом өндүрүлдү.
Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейбиз.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы