mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү: 8 айдын ичинде өлкө казынасына 38 млн 799 миң сом түшүп, көрсөткүч 2 эсеге жакшырды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2023-жылдын 8 айынын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 393 295 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында  транспорттук жана лицензиялоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 4 885 протокол түзүлүп, 33 292 000 сом айып пул салынды.

 

Ошондой эле, жолго келтирген зыяндын ордун толтуруу жыйымы 4 141 130 сомду түздү. Ал эми бөлүнгүс ири көлөмдү жана оор жүк ташууга атайын уруксат берүүдөн 15 902 921 сом чогулду.

 

Жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 38 млн 799 миң 551 сом чегерилди.

 

Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлдү.

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейбиз.

Маалымат ирээтинде:

 

  2022-жылдын 8 айынын жыйынтыгы 2023-жылдын 8 айынын жыйынтыгы
Текшерилген унаалардын саны 309 миң 739 393 миң 295
Түзүлгөн протоколдордун саны 1 456 4 885
Салынган айып пулдардын суммасы 8 148 000 сом 33 292 000 сом
Жолго келтирилген зыяндын ордун толтуруу жыйымы 1 342 850 сом 4 141 130 сом
Атайын уруксат берүү жыйымы 8 617  652 сом 15 902 921 сом
Бюджетке түшкөн каражат 18 108 502 сом 38 799 551 сом

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы