mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

 Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү: 10 айдын ичинде өлкө казынасына 49 млн 602 миң сом түшүп, көрсөткүч 2 эсеге жакшырды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан 2023-жылдын 10 айынын ичинде жүргүнчү жана жүк ташыган 524 562 унаа текшерилди. Анын жыйынтыгында транспорттук жана лицензиялоо мыйзамдарынын талаптарын бузуу фактылары боюнча 6 686 протокол түзүлүп, 41 794 000 сом айып пул салынды. 

Ошондой эле, жолго келтирген зыяндын ордун толтуруу жыйымы 4 035 744 сомду түздү. Ал эми бөлүнгүс ири көлөмдү жана оор жүк ташууга атайын уруксат берүүдөн 21 059 610 сом чогулду.

Жалпы транспорт көзөмөл жүргүзүүнүн жыйынтыгында бюджетке бардыгы 49 млн 602 миң 084 сом (2022-жылдын 10 айында  — 22 682 439 сом) чегерилди.

 Текшерүү иштери өлкөдөгү транспорттук көзөмөл пункттарында, станциялык курулмаларда, автобустук каттамдардын акыркы аялдамаларында жана мобилдик топтор тарабынан жүргүзүлдү.

Транспорттук көзөмөлдү күчөтүү — бул элден акча чогултуу эмес, салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө болуп саналарын белгилейбиз.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы