mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорттук көзөмөл пункттарында иштин сапатын жогорулатуу максатында кызматкерлер окутулууда

Транспорттук көзөмөл пункттарында иштин сапатын жогорулатуу максатында кызматкерлер окутулууда.
Ага ылайык, 3 айдын аралыгында өлкөдөгү транспорт көзөмөл пункттарында заманбап технологиялар (компьютер, тараза жабдыктары жб) жана “Электрондук транспорт көзөмөл” автоматташтырылган маалымат тутуму менен иштей алган кызматкерлер нөөмөткө коюлуп, башка кесиптештерине билбегенин үйрөтүп, окутуу иштерин жүргүзүшөт.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин директору чыгарган №169 буйрукту аткаруунун алкагында (окутууларды уюштуруу) 12-13-июль күндөрү Талас облусундагы Чоң-Капка жана Кызыл-Адыр көзөмөл постторунда кызматкерлерди окутуу иштери өткөрүлдү. Транспорттук көзөмөл пункттарында иштин сапатын жогорулатуу максатында мындай окутуулар өлкөдөгү бардык ТКПларда уюштурулат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы