mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги жана анда иштеген кызматкерлер жалпы республикалык ишембиликке чыгышты

Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2023-жылдын 31-майындагы № 20-4608 тапшырмасына ылайык, КРдин Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетекчилиги жана анда иштеген кызматкерлер жалпы республикалык ишембиликке чыгышты.
Белгиленгендей, ишембилик социалдык инфраструктураны жана санитардык абалды жакшыртуу, жашылдандыруу, шаарларды, калктуу конуштарды көрктөндүрүү жана туристтик сезонго даярдык көрүү максатында өткөрүлдү.
Ведомствонун борбордук аппаратынын кызматкерлери Бишкек-Ысык-Ата унаа жолунда жайгашкан Кой-Таш айылынын Восточный көчөсүнөн Кызыл-Бирдик айылына чейинки аралыгындагы таштандыларды жана башка тиричилик калдыктарды чогултуп, алар таштанды полигонуна чыгарылды.
Министрликтин борбордук аппаратынан тышкары, ведомствонун Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин, Жол фондунун “Кыргызавтобекети” менен «Кыргызавтожол» ишканасынын, “Өндүрүштүк инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин жана АӨБ, ДБ ИӨБ долбоорлорун ишке ашыруу топторунун кызматкерлери да ишембиликке чыгышты.
Кызматкерлер Алматы-Бишкек-Ташкент унаа жолунун 247-чакырым аралыгы менен Бишкек-Манас унаа жолунун кесилишин ирээтке келтиришти.
Ошондой эле, ишембиликке КРдин ТжКМдин «Кыргыз жолтранс» долборлоо жана изилдѳѳ институтунун кызматкерлери менен “Кыргызтемир жолдун” кызматкерлери да активдүү катышып, өздөрүнө бекитилген аймакты тазалашты.
КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы