mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча 3 күндүк семинар старт алды

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча 3 күндүк семинар старт алды. Иш-чаранын башталышында сөз сүйлөгөн Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев сапаттуу жолдорду салуу үчүн кызматкерлерди окутуу зарылчылыгына токтолуп, бул сыңдуу семинарларды үзгүлтүксүз өткөрүү — бул тармакта жакшы жылыштарга алып келерин белгиледи.

«Биздин кызматкерлер үчүн терең билим алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылып жаткан Азия өнүктүрүү банкына ыраазычылык билдирем. ФИДИК келишимдери курулуш долбоорлорун жөнгө салуучу негизги инструмент болуп саналат жана алар дүйнө жүзү боюнча кеңири колдонулат. Бул семинарда сиздер ФИДИК жөнүндө жана аны курулуш келишимдеринде колдонуу жөнүндө терең билим аласыздар деп ишенем. Келишимдердин түрлөрүн, өзгөчөлүгүн билүү жана түшүнүү транспорт жана коммуникациялар тармагындагы долбоорлорубуздун сапатын, натыйжалуулугун жана ачыктыгын жогорулатууга жардам берет деп ишенем, — деп белгиледи министр. Ал ошондой эле окуу процессине катышып, семинардын программасы менен таанышып чыкты.

Учурда Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жолдорду куруу боюнча дээрлик бардык эл аралык долбоорлордо ФИДИК келишимдерин активдүү колдонууда, ошондой эле жергиликтүү подрядчылар менен келишимдерди түзүүдө ФИДИКтин негизги принциптерин колдонуп келет.

Министрликтин 30дан ашык кызматкерлери үчүн уюштурулган семинарды бул тармакта 35 жылдык тажрыйбасы бар Прианка Налин Сеневиратне өткөрүүдө.

Үч күнгө созулган семинардын соңунда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери өтүлгөн материалды өздөштүрүү боюнча тест тапшырышат. Анын жыйынтыгы боюнча окуудан ийгиликтүү өткөндүгү тууралуу  эл аралык сертификатка ээ болушат.

Белгилей кетсек, буга чейин тренинг, семинар, окутуулар үчүн жылына 10дой кызматкерлер чет өлкөгө жөнөтүлүп келсе, эми чет өлкөлүк тажрыйбалуу адистер Кыргызстанга келип, билгени менен бөлүшүп, министрликтин кызматкерлерин окутуп жатышат. Мындай тренинг, семинарлар буга чейин Нарында, Бишкекте, Ошто уюштурулган.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин демилгеси менен өтүп жаткан окутуулар дагы да үзгүлтүксүз уланып, кызматкерлердин билимин жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга мындан ары да чоң көңүл бурулмакчы.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы