mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлери эл аралык сертификаттарга ээ болушту

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу боюнча уюштурулган 3 күндүк семинар ийгиликтүү жыйынтыкталды. ФИДИК келишимдери тууралуу билимин тереңдетип, билбегенин үйрөнгөн кызматкерлер окуунун аягында тест тапшырып, анын жыйынтыгы менен эл аралык сертификаттарга ээ болушту.

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев сертификаттарды тапшырып жатып, кызматкерлер алган билимдерин иш жүзүндө колдонуп, Кыргызстанда да, чет өлкөлөрдө да ишке ашыра аларына ишенимин билдирди.

ФИДИК келишимдери тууралуу билимди тереңдетүү жана аны курулуш келишимдеринде туура колдонуу максатын көздөгөн семинардын лектору бул тармакта 35 жылдык тажрыйбасы бар Прианка Налин Сеневиратне болду.

Белгилей кетсек, буга чейин жылына 10 кызматкер чет өлкөгө окутууга жөнөтүлүп келсе, эми чет өлкөлүк тажрыйбалуу адистер Кыргызстанга келип, билгени менен бөлүшүп, жалпы 120дан ашык кызматкерлерди окутушту. Мындай тренинг, семинарлар буга чейин Нарында, Бишкекте, Ошто уюштурулган.

Транспорт жана коммуникациялар министринин демилгеси менен өтүп жаткан окутуулар дагы да үзгүлтүксүз уланып, кызматкерлердин билимин жана алардын кесиптик деңгээлин жогорулатууга мындан ары да чоң көңүл бурулмакчы.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы