mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин коллегиясы өттү

2023-жылдын 25-июлунда Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жыйындар залында министр Тилек Текебаевдин төрагалыгы астында коллегия болуп өттү. Анда ведомствонун 6 айындагы иштеринин жыйынтыктары жана 2023-жылдын 9 айына коюлган милдеттери каралды.

Күн тартибине жалпы 5 маселе коюлуп, анда борбордук аппараттын жана министрликке караштуу мекеме, ишканалардын жетекчилери жарым жылда аткарган ишинин отчету менен 2023-жылдын 9 айына койгон милдеттери жөнүндө баяндамаларды жасашты. Иш-чаранын соңунда катышуучулар жарыш сөзгө чыгып, ишинде жакшы жыйынтык көрсөтө албаган жетекчилерге эскертүү, жумуш ордун кароо жана сөгүш берүү маселелери каралды.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы
Транспорт жана жол тармагы боюнча маалымат төмөндө тиркелет.

Транспорт жана жол тармагы боюнча маалымат