mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жетишкендиктери

Быйыл жылдын аягына чейин республика боюнча 621 чакырым жолго асфальт төшөө иштери пландаштырылып, инвестициялык долбоорлор жана өлкө казынасынан бөлүнгөн каражаттын эсебинен жалпы 654,7 чакырым жолго асфальт төшөлдү.

Алсак, 2021-жылы 230,4 чакырым, 2022-жылы 498,6 чакырым жолго асфальт жаткырылса, быйыл республика боюнча 654,7 чакырым жолго (27-ноябрга карата) жаңы асфальт төшөлүп, план ашыгы менен аткарылды.

Мындан тышкары, Нарын шаарынын ички көчөлөрүн жана «Нарын», «Казарман», «Талас», «Жалал-Абад» менен «Кербен» аэропортторунун учуу-конуу тилкелерин, перрондорун оңдоо, асфальтоо иштери жүрүп, жумуштар бардык аба майдандарында жыйынтыкталды.

Соңку жылдары Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жергиликтүү маанидеги жолдор менен катар эл аралык талаптарга жооп берген трассаларды курууга өзгөчө көңүл бурулуп, жол оңдоо жана салуу үчүн казынадан бөлүнгөн каражаттын көлөмү көбөйдү.

Буга чейин жолдор насыяга, чет элдик компаниялардын гана жардамы менен салынып келсе, эми өлкө жолдорун курууга ата мекендик ишканалар да билек түрө киришти. Ош-Баткен-Раззаков, Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду, Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол автожолунун курулушу мамлекеттик бюджеттин эсебинен ишке ашып атат.

Мындан тышкары, транспорттук көзөмөлдү күчөтүүнүн жыйынтыгында 10 айдын ичинде өлкө казынасына 49 млн 602 миң сом түшүп, көрсөткүч 2 эсеге жакшырды.

✓ Сосновка жана Кара-Көл постторуна видеобайкоо камералары орнотулду. Натыйжада төлөм чогултуунун көлөмү өстү.

✓ Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасына 2022-жылы 32 техника алынса, 2023-жылы 265 даана жол куруу техникасы келди. Жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдалана турган жаңы техникалар эгемендик алган жылдан бери мындай чоң көлөмдө биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен алынып, жалпы бул тармакка 700дөн ашык техника алуу пландалган.

✓ Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөлүп, жол сызыктары чийилип, дренаж казылган жердин ордуна асфальт басылды. Акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн тоннель быйыл реконструкцияланды.

✓ 18-майда Кытайдын Сиань шаарында «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоору боюнча кийинки кадамдарды караган үч тараптуу документке кол коюлду. Учурда долбоор активдештирүү стадиясында.

✓ Узундугу 3890 метрди түзгөн Кыргызстандагы эң чоң «Көк-Арт» тоннелинин түндүк жана түштүк жагынан казылышы (туташтырылышы) аяктады. Учурда бекемдөө иштери уланууда. Тоннелдин узундугу 3890 метр, туурасы 10 метр (негизги жол 8,5 метр жана эки тарабында 0,75 метрден кызматтык тротуар үчүн каралган), бийиктиги 8,5 метрди түзөт. Объект даяр болгондон кийин карама-каршы келе жаткан эки оор жүк ташуучу унаанын тыгын пайда кылуу коркунучу жок, эркин өтө алат. Тоннелди толук бүтүрүү 2024-жылдын аягына пландалууда.

✓ Бишкек-Ош унаа жолунун 246-чакырымында жайгашкан көчкүдөн коргоо галереясы пайдаланууга берилди. Долбоордун максаты кардан коргоо галереясын куруу аркылуу кыш мезгилинде Бишкек-Ош трафигин жакшыртуу менен бирге өлкөдөгү автомобилдик ташууларды, логистиканы жана жол кыймылынын коопсуздугун жакшыртууга өбөлгө түзүү болуп саналат.

✓ Буга чейин жол белгилерин жеке компаниялар чыгарып келсе, март айынын аягынан тарта министрлик өзү чыгара баштады. Албетте, сапатына биринчи кезекте көңүл бурулат. Жол белгилерин чыгарган жабдуулардын бардыгы Россиядан алынып келинген. Министрликтин алдындагы “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесиндеги устакана күнүнө 200дөн ашык жол белгисин чыгара алат. 7-10 жылга чейин жарамдуу жол белгилеринин баасы тирөөчү менен жеке компаниялардан алганга салыштырмалуу кыйла арзан. Ошондой эле, цехти ачуу менен жаңы жумуш орундары түзүлүп, анда иштеген кызматкерлердин ден соолугуна да өзгөчө көңүл бурулууда.

✓ Жакынкы жол тейлөө ишканаларынын байланыштары, жолдордун абалы тууралуу маалыматтарды камтыган жол картасы ишке киргизилди. Joldor.gov.kg картасында туристтер үчүн бардык кызыктуу жерлер, жакшы мейманканалар, күйүүчү майдын баасы белгиленген, ошондой эле өлкөнүн бардык ашууларында аба ырайын текшерүүгө болот.

✓ Министрликтин кызматкерлеринен иштин натыйжасын талап кылуудан мурда аларга биринчи тиешелүү шарт түзүлүп, борбордук аппаратка 60 компьютер алынды. Техникалар акыркы он жылда алгачкы ирет жаңыланды. Ошондой эле, ведомствонун унаа токтотуучу жайы асфальтталды.

✓ Транспорт жана коммуникациялар министрлиги биринчилерден болуп велосипед токтоочу жайды орнотуу боюнча эстафетаны баштады.

 

Албетте жогоруда аталган иштин баары Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен ишке ашууда.