mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу «Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынын техникалык базасы жаңыланууда! Сатып алууга пландалган 669 техниканын 84ү алынып келинип, аймактарга бөлүнүп берилди

Президент Садыр Жапаровдун колдоосу менен жолдорду курууга, оңдоого жана тазалоого пайдалана турган жаңы техникалар эгемендик алган жылдан бери биринчи жолу республикалык бюджеттин эсебинен алынып, ал салтанаттуу түрдө тапшырылды.

Атайын техникаларды тапшыруу аземине Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жана ведомствого караштуу ишканалардын жетекчилери менен кызматкерлери катышты.

Ар бир чакырым жол – адамдар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачаарын белгилеген Бакыт Төрөбаев мындай техниканын ишке кириши жолдорду, инфраструктураны жакшыртууга жана коопсуздукту жогорулатууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү берерин билдирди.

Ал эми ведомство жетекчиси Тилек Текебаев буга чейин алынып келинген техникалар кредитке же жардам катары берилгенин билдирип, жол тармагын өнүктүрүү, материалдык-техникалык базаны жаңылоо жана жакшыртуу максатында техникаларды алуу үчүн республикалык бюджеттен каражат бөлүнгөнүн айтты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жол тармагына 669 даана техника сатып алуу пландалган. Анын ичинен бүгүнкү күндө 84 даана техника алынып келинип, аймактарга бөлүнүп берилди. Жакынкы убакытта дагы калган техникалар өлкөгө жеткирилет.


КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы