mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде залкар жазуучу Чыңгыз Айматовду эскерүү иш-чарасы өттү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өттү. “Чыңгыз Айтматов дүйнөгө из калтырган кайталангыс инсан жана залкар жазуучу” деген аталыштагы жыйынга министрдин орун басары Тариэль Жаныбеков жана башкармалыктардын жетекчилери менен кызматкерлери катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө атагы аалам аралаган жазуучунун эмгектери, андагы каармандар жана Айтматовдун адабиятка кошкон салымы тууралуу ой-пикирлер айтылып, залкар жазуучунун чыгармаларынын азыркы коомго тийгизген таасири талкууланды.
Жыйындын соңунда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата резолюция кабыл алынды.

Тегерек стол Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан жарыяланган “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы үч айлыктын алкагында өткөрүлдү.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы