mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде кызматкерди ардактуу эс алууга узатуу аземи өттү

Иш-чарага борбордук аппараттын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн кызматкерлери катышты. Эс алууга узап жаткан кызматчы Мадылбек Абдыразаковду министр Тилек Текебаев куттуктап, көп жылдар бою ары татаал, ары жоопкерчиликтүү мамлекеттик кызматта үзүрлүү эмгектенип, бай тажрыйбасы менен билимин жаш адистер менен бөлүшүп келгенине ыраазычылыгын билдирди. “Мамлекеттик кызматта көп жылдан бери иштеп, өлкөнүн өнүгүшүнө салымыңызды коштуңуз. Биздин эшик сизге ар дайым ачык. Каалаган учурда келип, кеп-кеңештериңизди угууга биз даярбыз”,-деди министр. Ал М. Абдыразаковго бекем ден соолук, бакубат жашоо каалап, атайын даярдалган белектерди тапшырды.
Өз кезегинде ардагер М. Абдыразаков жетекчиликке, кесиптештерине ийгиликтерди каалап, ой-тилектерин айтып, батасын берди.
Белгилей кетсек, ардактуу эс алууга узап жаткан М. Абдыразаков мамлекеттик кызматта 10 жылдан ашык эмгектенип, ардактуу эс алууга сый-урмат менен узады.

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы