mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун мындан ары ишке ашыруу маселелерин талкуулоо боюнча үч тараптуу жолугушуу өттү

Ага кыргыз тараптан Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев баштаган мекеме кызматкерлери менен бирге Каржы менен Тышкы иштер министрлигинин өкүлдөрү катышты. Ал эми кытай тараптан Чет элдик капиталды пайдалануу жана чет өлкөлүк инвестиция иштери боюнча департаментинин директорунун орун басары Чжан Цзяньхуа жана өзбек тараптан Транспорт министрлигинин темир жол транспортун өнүктүрүү департаментинин директору баштаган өкүлдөр катышты.

Жолугушууда тараптар техникалык-экономикалык негиздемени тездетүү жана “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу зарылдыгын тастыкташты.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы