mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартиби талкууланды

Үстүбүздөгү жылдын 1-сентябрында Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министрлигинин жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 20-майындагы ”Кыргыз автомобилдик ташуучуларга чет өлкөлүк уруксаттарды жана көп тараптуу уруксаттарды берүү тартибин бекитүү жөнүндөгү” № 259-токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КРнын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 24-июлунда кабыл алынган № 370-токтомун талкуулоо жана эл аралык жүк ташууларда жаралган көйгөйлөр боюнча автожүк ташуучулар менен чогулуш өткөрүлдү.

Бул маанилүү иш – чарага КРнын Транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев, Транспорт башкармалыгынын башчысы Адылбек Акматов, Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаментинин директору Тариел Кельдибеков, Транспорт департаментинин жооптуу кызматкерлери жана эл аралык жүк ташуулар менен алектенген 35 ишкананын жетекчилери катышты.

Мурда кабыл алынган токтомдо кыргыз автожүк ташуучусуна эл аралык жүк ташуулар үчүн берилген чет өлкөлүк уруксат бланктары толтурулбастан берилчү. Бул ченем коррупциялык элементтерди пайда кылып, уруксат бланктары сатылып, колдон колго өткөн көрүнүштөрдү пайда кылып келген. Мындай учурлар автожүк ташуучулардын арасында ар кандай нааразычылыктарды жаратып келген. Ошондуктан, токтомго өзгөртүү киргизүү муктаждыгы жаралган. Токтомдун өзгөртүлгөн вариантында автожүк ташуучунун(юридикалык жактын) аталышы уруксат бланкына толтурулуп берилет. Бул бланктарды коррупциялык элементтери жок, максаттуу пайдаланууга жол ачат.

Жыйналышта, министрлик тарабынан эл аралык жүк ташуулардагы жаралган көйгөйлөрдү, башка мамлекеттик органдар менен биргелешип чечүүгө автожүк ташуучуларга көмөк көрсөтүү жөнүндө макулдашылды.

Автожүк ташуучулар, алынган бланктарды үч айдын ичинде колдонуп, отчет тапшыруу жөнүндөгү ченемди алты айга чейин узартып берүү жөнүндөгү сунушун беришти.

Автожүк ташуучулардын өкүлү А. Джумабеков бир нече пункттардан турган кайрылуусун министрдин орун басары Ы. Бариевке тапшырды.

Өз кезегинде Ы. Бариев автожүк ташуучулар берген сунуштар, алардын өкүлдөрү менен биргеликте дыкат изилденип, жаралган көйгөйлөрдүн чечүү жолдорун табууга болгон аракеттер жумшала тургандыгын убада кылды.

Мындан кийин эл аралык жүк ташууларда жаралган көйгөйлөрдү чечүү максатында, автожүк ташуучулар менен жолугушууларды, керектүү учурларда маал – маалы менен өткөрүп турууга макулдашылды.