mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол куруу тармагында 11 долбоорду ишке ашырууда

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жол куруу тармагында 11 долбоорду ишке ашырууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында айтылды.

Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев билдиргендей, учурда аталган башкармалык жол куруу тармагында эл аралык өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн каражаттарын тартуу менен жалпы долбоордук баасы 10 141,3 млн сомду түзгөн 11 долбоор ишке ашырылып жатат.

Анын айтымында, Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун 5 долбоордук тилкесинде, Бишкек-Ош жолунун 2 долбоордук тилкесинде, Ош-Баткен-Исфана жолунун 2 долбоордук тилкесинде, Түп-Кеген жолунда курулуш иштери жүрүп жатат. Ошондой эле Талас-Тараз жолунда да курулуш иштери жүрүүдө.

Бул участоктордун жалпы узундугу 143,9 км түзөт. Бүгүнкү күндө даярдалып жаткан 3 жаңы долбоор боюнча иштер жүрүп жатат. Кеп Ысык-Көл айланма жолунун жана Арал-Суусамыр автожолунун 2 долбоордук участогу жөнүндө болуп жатат.