mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги шаар аралык каттамдар үчүн электробустарды сатып алуу мүмкүнчүлүгүн талкуулады

Бүгүн, 29-августта Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Кытай Эл Республикасынын «GREE Altairnano new energy» компаниясынын аткаруучу президенти Линь Пэн менен жолугушту.
Жолугушууну Т. Текабаев ачып, “Кыргызстанга болгон иш сапарыңызда биздин министрликке да келүүгө убакыт бөлгөнүңүз үчүн ыраазычылыгымды билдирем. Сиздин Компания дүйнөдөгү эң ири 500 компаниянын катарына кирет жана электр унааларын, заряддагычтарды өндүрүү жана чыгаруу боюнча лидерлердин бири болуп саналат, биз муну билебиз, ошондой эле тажрыйбаңызды баалайбыз”,-деди Т. Текебаев.
Сөз кезегинде Линь Пэн мырза ведомство жетекчиси Тилек Текебаевдин жылуу жана позитивдүү маанайда кабыл алганына ыраазычылыгын билдирип, жүргүнчүлөрдү ташуучу электробустар тууралуу маалымат берип, катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп берди.
Жолугушуунун жүрүшүндө алар шаар аралык электробустардын сапаты, баасы, жүрүү кубаттуулугу жана алардын электр заряддоо инфраструктурасы тууралуу баарлашты.
Мындан сырткары Т. Текебаев Министрлик тарабынан «Кыргыз республикасында төмөн кычкыл газдуу шаар аралык электромобилдик автобустук каттам жана күн кубаттоочу инфратүзүмүн өнүктүрүү » долбоору иштелип чыкканын белгилеп, бул идеянын алкагында болжол менен 40-50 кишиге ылайыкталган 300 электробустарды сатып алуу жана электробустар үчүн электр заряддоо инфраструктурасын түзүү болжолдонуп жатканына токтолду.
Жолугушуунун соңунда Т. Текебаев “ КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен «GREE Altairnano new energy» компаниянын ортосундагы кызматташтык өз ара пайдалуу жана ийгиликтүү болоруна ишенем, биз бул маселени бир эмес бир нече ирет талкуулап, жакшы жыйынтыктарга келишибиз керек”-деди.

 

 

 

 

 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы.