mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кыргыз авиациялык институтунун окуу объектилерине заманбап шарттарды түзүүдө

КРдин Транспорт жана коммуникациялар министри Т. Текебаев И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтуна барып, анын ишмердүүлүгү, окуу шарттары жана ал жерде жүрүп жаткан оңдоп түзөө иштери менен жеринде таанышты.

Учурда бул авиациялык жогорку окуу жайынын бир катар обьекттеринде ремонт иштери кызуу жүрүүдө. Ремонттун максаты КАИ объекттеринин техникалык жана санитардык абалын билим берүү объекттерине колдонулуучу белгиленген ченемдерге, стандарттарга, эрежелерге жана башка талаптарга ылайык келтирүү болуп саналат жана бул өз кезегинде билим берүүнүн сапатын жакшыртууга таасирин тийгизет.

Ремонт иштерин «Борбордук Азиядагы регионалдык каттамдарды жакшыртуу долбоорунун 3-фазасы» долбоорунун негизинде «Учуулардын коопсуздугу жана кызмат көрсөтүү» 2-компонентинин алкагында Дүйнөлүк банктын колдоосу менен гранттык каражаттардын эсебинен «Авангард и Ко» курулуш компаниясы ишке ашырууда жана ал 96% аткарылды.

Азыркы учурда КАИ объектилеринде оңдоо иштеринин төмөнкү түрлөрү аткарылды:
«Чоң аудиториялык корпус»объектисинде: имараттын чатыры алмаштырылды, асма шыптын металл каркасы орнотулду жана анын изоляциясы жасалды дубалдын жана шыптын ички жасалгасы аткарылды, кондиционерлер сатылып алынды жана орнотулду, терезе жана эшик блоктору орнотулду, ламинат төшөө иштери аткарылды, имараттын фасадын шыбоо иштери жана фасадды жасалгалоо иштери аткарылды, эки экран сатылып алынды жана орнотулду. Сатылып алынган жана орнотууга даярдалган динамик системасы пульт, трибуна жана 399 орундуу отургучтары менен.

«Окуу корпусу 1» объектисинде: имараттын фасадын оңдоо жана сырдоо иштери жүргүзүлдү. 1, 2 жана 5-кабаттардагы жуунучу бөлмөлөрүндө: демонтаждоо иштери аткарылды, гипсокартон тосмолорун монтаждоо иштери аткарылды, сантехникалык шаймандар орнотулду, суу түтүктөрү жана канализациялык түтүктөр алмаштырылды, жасалгалоо иштери аткарылды.

“№ 2 А. Курбаналиева окуу корпусу”, “№4 окуу корпусу” жана “Администрациялык корпусу” обьектисинде: имараттын чатырынын жыгач каркастарын жарым-жартылай жана имараттын чатырын толук алмаштыруу жүргүзүлдү.