mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Бишкектен Россиянын үч шаарына жүргүнчү поезди үзгүлтүксүз каттап жатканын эске салат

Кыргызстан-Россия поезд каттамдарынын графиги:

№317/318 Бишкек-Самара-Бишкек жүргүнчү поезди жумасына эки жолу каттап, Бишкек-2 темир жол бекетинен шаршемби жана жума күндөрү саат 23:23тө жөнөп кетет.

Ал эми №405/406 Бишкек-Казань-Бишкек жүргүнчү поезди жумасына бир жолу каттап, Бишкек-2 темир жол бекетинен дүйшөмбү күнү чыгат.

№385/386 Бишкек-Новосибирск-Бишкек жүргүнчү поезди болсо 8 күндө бир жолу каттайт.

Билеттердин баасы жана башка кошумча маалыматты 0312 30 02 09, 92 68 54, 92 68 40 жана http://kjd.kg/ky/ сайтынан алууга болот.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы