mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги айдоочуларды унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырып алууга чакырат

Кыргызгидромет кызматы билдиргендей, 20-22-сентябрь күндөрү өлкө аймагында аба ырайы кескин өзгөрөт. 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.
Өлкөдөгү туруксуз аба ырайынан улам, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн жайкыдан кышкыга алмаштырып чыгууну суранат.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы