mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарынын үйүнүн тосмосу бузулду

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиевдин Арча-Бешик конушундагы үйүнүн тосмосу бузулду. Буга чейин интернет желесине орун басардын тосмосу кызыл сызыктан өтүп, тротуар курууга тоскоолдук жаратууда деген маалымат тараган. Ошондой эле айрым блогерлер аткаминер тосмону түрттүрүүгө каршылык көрсөтүүдө деп жазышкан.

Бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирген мэрия өкүлдөрү аталган көчөнү асфальттоо иштери жүрүп жатканын айтып, жолдун курулушун кубаттаган Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары үйүнүн тосмосун өз демилгеси менен түрттүрөрүн билдирген.

Бул жагдайга Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев өз пикирин билдирип, «орун басарымдын үйүнүн забору өз каалоосу менен бузулду. Ал көчөдө 40тан ашык үйдүн забору бузулуптур. Мыйзам баарына бирдей! Биз үчүн ар бир кызматкердин жоопкерчилиги маанилүү»,-деди. Учурда короо бузулуп, тротуар курууга даярдык иштери жүрүүдө.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы