mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев Кытай Эл Республикасынын Чжэнцян коммуникация институтунун жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү менен жолугушту

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Ырысбек Бариев Кытай Эл Республикасынын Чжэнцян коммуникация институтунун жана И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин өкүлдөрү менен жолугушту.

Анын жүрүшүндө министрдин орун басары Ырысбек Бариев Чжэнцян коммуникация институту тарабынан И.Раззаков атындагы КМТУнун материалдык-техникалык базасын жакшыртуу максатында “Кыргызстандагы Лу Бань устаканасы” долбоору ишке ашырылып жаткандыгы үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирип, аталган долбоорду колдой тургандыгын баса белгиледи.
“Бир жол бир алкак” долбоорунун алкагында жүзөгө аша турчу “Кыргызстандагы Лу Бань устаканасы” өлкөдө жол жана көпүрө салуу, энергетика, машина куруу тармактарында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо менен кызматкерлердин билимин жогорулатуу максатында алдыңкы окуу борборун түзүүгө багытталган.

Ошону менен бирге министрдин орун басары “1948-жылдын 6-мартында Женевада кабыл алынган Эл аралык деңиз уюму жөнүндө Конвенцияга Кыргыз Республикасынын кошулуусу боюнча” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол коюу даярдалып жаткандыгын эске алуу менен суу транспорту тармагында жана учкучсуз аппараттарды башкаруу, тоннелдерди, көпүрөлөрдү долбоорлоо менен куруу, электромобилдерди башкаруу жана электрокубаттоочу станцияларды куруу боюнча дагы адистерди даярдоону сунуштады.

Ал эми Чжэцзян коммуникация институтунун вице-президенти Пан Гоцян министрликке аталган долбоорду колдоп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ы.Бариев атап кеткен адистерди даярдоо боюнча И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен биргеликте иш алып бара тургандыгын маалымдады. Ошондой эле ал 2024-жылдын сентябрь айында аталган устакананын ачылышында жүз көрүшүүгө үмүтүн билдирди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы