mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Медербек Курманбеков Түштүк Кореяда өтүп жаткан БУУнун Азия жана Тынч океан өлкөлөрү үчүн Экономикалык жана социалдык Комиссиясынын аймактык кеңешмесине катышууда

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Медербек Курманбеков Түштүк Кореянын Сеул шаарында өтүп жаткан БУУнун Азия жана Тынч океан өлкөлөрү үчүн Экономикалык жана социалдык Комиссиясынын Азия-Тынч океан регионунда туруктуу интеллектуалдык транспорттук системаларды кеңири жайылтуу жана транспорт жаатында аймактык кызматташтыкты колдоо маселелери боюнча аймактык кеңешмесине катышууда.

11-июлдан 13-июлга чейин өтө турган иш-чаранын жүрүшүндө “интеллектуалдык транспортту” өнүктүрүүгө байланышкан өлкөлөрдүн стратегиялары жана пландары, мындай транспортту кеңири колдонуунун учурдагы зарылчылыгы жана көйгөйлөрү талкууланат. Мындан тышкары, Азия-Тынч океан регионунда туруктуу интеллектуалдык транспорттук системаларды киргизүүнүн аймактык жол картасынын долбоору каралат.

Ошондой эле, регионалдык кеңешменин максаты  2021-жылдын декабрында транспорт боюнча Министрлер конференциясынын төртүнчү сессиясында кабыл алынган, “2022-2026-жылдарга карата Азия-Тынч океан регионунда региондук иш-аракеттер программасын” алкагында «Транспортту санариптештирүү» негизги тематикалык багытын баалоо критерийи боло турган жетишкендиктердин көрсөткүчтөрүн аныктоо болуп саналат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы