mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Акуналы Досалиев “Түштүк Кореянын Улуттук темир жолу” ишканасынын эл аралык иштер боюнча башкы менеджери Юн Чи-Ман мырза менен жолукту

Жолугушууга “Кореянын Улуттук темир жолу” ишканасынын эл аралык иштер боюнча башкы менеджери Юн Чи-Ман мырза баштаган кызматкерлери жана “Корея темир жолу” ассоциациясынын өкүлдөрү менен министрликтин кызматкерлери катышты.

Акуналы Досалиев “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлерине тренинг өткөргөндүгү жана “Балыкчы темир жол” станциясынын “Темир жол сигнализация, борборлоштуруу жана блокировка системасын модернизациялоо боюнча” техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого гранттык каражат бөлүп жаткандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

Өз кезегинде Юн Чи-Ман мырза Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынан 4 кызматкер Түштүк Кореядан магистр даражасын алып, азыркы тапта эки кызматкер билим алып жатканын белгиледи. Ошондой эле, Корея алдыда да кыргыз тараптын темир жол тармагында эмгектенген кызматкерлерин окутууга даяр экенин билдирди.

Белгилей кетсек, 6-7-сентябрь күндөрү “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери үчүн “Кореянын Улуттук темир жолу” (KNR) менен Кореянын соода жана инвестицияны илгерилетүү агенттиги (KOTRA) биргеликте “Темир жол академиясы Кыргызстанда 2023” аттуу тренинг өткөрмөкчү.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы