mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басарлары алмашып, жаңы жетекчилер дайындалды

Тариэль Жаныбеков Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Белгилей кетсек, Тариэль Жаныбеков 2022-жылдын декабрь айынан 2023-жылдын июнь айына чейин “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын башкы директору кызматын аркалаган.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун дагы бир буйругу менен Бекжан Рысмендеев министрдин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары болуп дайындалды. Ал буга чейин “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынын инвестициялар бөлүмүн жетектеген.

Министрдин жаңы орун басарларын жамаатка Президенттик администрациянын саясатты иштеп чыгуу, реформаларга мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Октябрь Капалбаев тааныштырды.

Ал эми ведомство жетекчиси Тилек Текебаев жетекчилердин практикалык иш тажрыйбасын белгилеп, жаңы орунда ийгиликтерди каалады.


Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы