mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 0-2-чакырым аралыгын (Жалал-Абад шаарынын Балтагулов көчөсү) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош, Жалал-Абад облустарына жасаган иш сапарынын алкагында Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 0-2-чакырым аралыгын (Жалал-Абад шаарынын Балтагулов көчөсү) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Мекеме жетекчисине маалымдалгандай, жеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад облусундагы филиалынын кызматкерлери иштеп, унаа жолду оңдоо, кеңейтүү, лотокторду орнотуу, жарыктандыруу, асфальт төшөөгө даярдык жумуштары жүрүп жатат.

Бүгүнкү күнгө дейре 40ка жакын электр мамычалары жылдырылып, лотоктордун орду казылып бүттү.
Иштин жүрүшү менен таанышкан министр Тилек Текебаев сапатына көңүл буруу менен, жумушту толук аягына чыгарууну тапшырды.

Белгилей кетсек, жогоруда аталган жол мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда. Туурасы 6 метрди түзгөн жол оңдоо иштеринен кийин 10 метрге кеңейип, жарыктандырылмакчы.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы