mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгам менен жолукту

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Хасан Али Зайгам менен жолукту.

Алгач ведомство жетекчиси жаңы дайындалган Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчини министрликтин жана жеке өзүнүн атынан расмий түрдө миссиясынын башталышы менен куттуктап, дипломатиялык ишмердигинде ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө транспорт тармагындагы эки тараптуу кызматташтык талкууланып, 1995-жылдын 9-мартында Исламабад шаарында кол коюлган Кыргызстан, Пакистан, Казакстан жана Кытайдын өкмөттөрүнүн ортосундагы транзиттик жүк ташуу боюнча төрт тараптуу Келишим тууралуу кеп козголду. Министр Тилек Текебаев аталган Келишимде жаралган айрым маселелерге токтолду.

Ал эми Хасан Али Зайгам мырза Тилек Текебаевге жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекет ортосунда транспорт тармагында жана бардык тармактагы кызматташууну мындан ары өнүктүрүү үчүн бардык иш-аракеттерди жумшай тургандыгын баса белгиледи. Ал Карачи (Пакистан) порту кыргыз тарапка жакын деңиз порту экенин белгилеп, Карачи портунан Кыргызстанга жүк ташуулардын баасы арзандаганын маалымдап, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы соода кызматташтык өнүгүүдө деп билдирди. Андан сырткары, Пакистан Хунжераб көзөмөл-өткөрмө пунктунун иштеши боюнча сүйлөшүүлөрдү Кытай тарап менен жүргүзүп жаткандыгын баса белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Пакистан Ислам Республикасынын ортосундагы транспорт тармагындагы ийгиликтүү жана жемиштүү биргелешкен ишти улантуу менен мындан аркы тыгыз кызматташууга ишеним артышарын баса белгилешти.

КРдин ТжКМ басма сөз кызматы