mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош облусуна иш сапары менен барып, Ноокаттын жолунун абалы менен таанышты

Президент Садыр Жапаровдун курулуш иштерин дагы тездетүү тапшырмасынын негизинде Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош облусуна иш сапары менен барып, Ноокаттын жолунун абалы менен таанышты.

Министр Тилек Текебаев иштин нугуна көз салып, жолчулар менен сүйлөшүп, курулуш жүрүп жаткан жерге көз чаптырды. Иш сапардын жүрүшүндө Жол тейлөө ишканаларынын жетекчилерине тийиштүү тапшырмаларды берди.

Президенттин тапшырмасын аткаруу максатында Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун курулушун тездетүү максатында эки смен болуп иштөө тартиби киргизилди. Жол куруу техникалары жакынкы арада келет, жолду салуу иштери мындан дагы күчөтүлөт.

Белгилей кетсек, башка аймактарда дагы жол оңдоо жумуштары биринчи планга чыгып, тегиздөө, асфальт катмарын салуу иштери кызуу жүрүп жатат.

Азыркы учурда Ош-Баткен-Раззаков (Ноокат) унаа жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатат:

— Жолдун эки тарабындагы жер тилкесине туш келип калган бак дарактарды кыйып, дүмүрлөрдөн тазалоо жумуштары аткарылды;
— жолго иштетилүүчү шагыл материалына карьер жана жолдон чыккан эски асфальт материалын төгүү үчүн таштанды жайын аныктап, иш кагаздары жөнгө коюлду.
— жолдун негизги катмарына төгүү үчүн материал даярдалып, жолго төшөлдү;
— жолго иштетилүүчү асфальт катмарынын астындагы негизги материалды даярдоо үчүн таш талкалоочу жабдууну (КДУ) алып келип, орнотуу жумуштары аткарылууда;
— асфальт материалын алуу үчүн асфальтка кошулуучу порошок, битум жана инерттик материалдар даярдалып жатат;
— жолго кетүүчү темир бетон куурларды алууга келишим түзүлүп, бүгүнкү күндө даяр болгон темир бетон материалдарын алып келип орнотуу жумуштары жүрүп жатат.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы