mtd@mtd.gov.kg
+996 (312) 31 43 85
KG   RU  

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ноокат — Араван жолуна барып, иштин жүрүшүн текшерди

Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ноокат — Араван жолунун абалы менен таанышты.

Быйылкы, 2023-жылдын титулдук тизмесинде Ноокат-Араван унаа жолунун 5-9-чакырым аралыгына асфальт төшөө каралган. Азыркы тапта 2 чакырым 600 метр жерге асфальт жаткырылып, иштер кызуу жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү 4 чакырымды толук бүтүрүү пландалууда.

Курулуш иштеринин жүрүшүн жеринен көргөн министр Тилек Текебаев жолчулар менен баарлашып, салынып жаткан жолдун сапатына басым жасап, белгиленген нормага ылайык курууну тапшырды.

КРдин ТжКМдин басма сөз кызматы